Тарых-баа жеткис мурас
№5 ЖББ мектебибизде тарых жумалыгы жогорку деңгээлде уюштурулуп, мазмундуу иш-чаралар менен коштолду. Жумалыктын негизги максаты – окуучулардын тарыхка болгон кызыгуусун арттыруу, мекенчилдик сезимин калыптандыруу жана тарыхый аң-сезимин өнүктүрүү болуп саналат.
Жумалыктын алкагында мугалимдер тарабынан ачык сабактар өткөрүлүп, анда заманбап окутуу ыкмалары колдонулду. Сабактарда окуучулар тарыхый окуяларды талдап, өз ойлорун эркин билдирүүгө, себеп-натыйжалык байланыштарды түшүнүүгө үйрөнүштү.
Мындан сырткары, ар түрдүү иш-чаралар, тарыхый кечелер уюштурулуп, окуучулардын активдүүлүгү жогору болду. Катышуучулар өз билимдерин көрсөтүп гана тим болбостон, чыгармачылык жөндөмдөрүн да өнүктүрө алышты.
Өткөрүлгөн иш-чаралар окуучулардын тарыхка болгон кызыгуусун арттырып, улуттук баалуулуктарды урматтоого жана мекенди сүйүүгө тарбиялоодо чоң мааниге ээ болду.
Комментарии