Мугалим — бул билимдин шам чырагын жандырган, ар бир окуучунун жүрөгүнө жол таба билген ыйык кесиптин ээси. Бул күнү №5 ЖББ мектебибиздин мугалимдери үчүн жагымдуу жаңылык болду. Мугалимдер күнүнө карата мектептин кыргыз тили жана адабият мугалими Кадырова Бактыгүл Обосбековна жана башталгыч классынын мугалими Мудунова Айнура Жантаевна Кыргыз Республикасынын агартуу министрлигинин…
2025-жылдын 1-сентябрында биздин мектепте жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Билим күнү – бул мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер үчүн өзгөчө мааниге ээ майрам. Ал жаңы билимдерге жана ийгиликтерге карай жол ачат. Иш-чарада мектеп жетекчилиги куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, окуучуларга жаңы окуу жылында жигердүү билим алууну, тартипти сактоону жана…
2024–2025-окуу жылынын бүтүрүү кечесин өткөрүү аземи салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул өзгөчө күнү мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөр үчүн маанилүү этап жыйынтыкталып, жаңы турмуштук жолдун башаты ачылды. Салтанаттуу кече учурунда бүтүрүүчүлөргө грамоталар тапшырылып, мугалимдердин, ата-энелердин жана коноктордун каалоо-тилектери айтылды. Мектеп директору Асекова Гулмира Асанкуловна бүтүрүүчүлөргө кайрылып, аларга билимге умтулуу, жоопкерчилик жана адамгерчилик…