Робототехника
№5 ЖББ мектебинин окуучулары команда болуп “BISHKEK FIRST REGIONAL 2025” конкурсуна катышып келишти.
Конкурстун жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн робот долбоорлорун тааныштырып, практикалык тапшырмаларды аткарышты.
Жыйынтыгында “Юнори” командасы I орун,
”Альфа мастера” командасы II орун,
“Робостарт” командасы II орунду алып ийгиликтүү кайтып келишти.
Мындай иш-чаралар окуучулардын илимге жана технологияга болгон кызыгуусун арттырып, келечектеги кесип тандоосуна чоң түрткү берет.




Комментарии