Илим жана техника
12-февралдан-16-февралга чейин өткөрүлгөн “Илим жана техника” жумалыгынын аныктамасы
№1 Аламүдүн жалпы билим берүү орто мектебинде 12-февралдан-16-февралга чейин “Илим жана техника” жумалыгынын карата төмөнкүдөй иш-чаралар белгиленип өткөрүлдү.
- “Илим жана техника” жумалыгынын карата мектеп парламенти тарабынан 5-11-класстардын класс жетекчилерине жана окуучуларына 12-февралда мектептин фойесинде салтанатуу линейка өткөрүлүп баяндама жасалды.
- 12-16-февралга чейинки «Илим жана техника өндүрүштө» деген темада иш план тузулуп химия, биология,география, физика, информатика,математика, сүрөт, мугалимдери катышып,ар бир класста жумалыка карата окуучулар менен активдүү катышуу каралды.
- Жумалыка карата предметтик мугалимдер, 5-11-класстын окуучулары арасында «Илим жана техника» балдардын көз карашы деген темада ар кандай буюмдарды жасашып,мыкты жасалган буюмдар көргөзмөсү уюштурулду.Мектеп ичинде өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы менен 8 Б классынын окуучусу Тойбаев Ислам “Сейсмологиялык аппарат”,9 А классынын окуучулары Арыкбаева Асия,Сыдыкбекова Кундуз “Акылдуу үй”,Сатибаев Ислам “Робот” иштери райондук мектептер арасында өткөрүлгөн иш-чарага катышып келишти.
- Жумалыка карата химия,физика,информатика мугалимдери Токторбек к Ж,Эргешова Г.К,Джандаева Э.Т,Закирова Г.А, 5-11-класстардын окуучулары арасында “Илим жана техника” деген темада рефераттарды алышты.
- 10-февралда мектептин чон залында «Илим жана техника » жумалыгынын жыйынтыгы чыгарылып мыктылар аныкталды.
Комментарии