Афганстан Демократиялык Республикасынан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 35 жылдыгы
№ 1 Аламүдүн жалпы билим беруу орто мектебинде Афганстан Демократиялык Республикасынан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 35 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чаранын аныктамасы
15-февралда Афганстан Демократиялык Республикасынан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 35 жылдыгына карата 1-11-класстарда класстык сааттар өткөрүү каралды.
4 А классы, класс жетекчиси Барыктабасова Н.Б, ”Жоокер”, 4Б классы,класс жетекчиси Акматбекова А.С, “Таазим” темаларда ачык тарбиялык саат өткөрүштү.
14-февралда мектептин чоң залында 8-11-класстардын окуучулары жана класс жетекчилери менен биргеликте тарых мугалимдери Сатымбеова Н.С,Шаймудунова У.Т, Асанкалыйева Э.А,«Өчпөс ысымдар» деген темада доклад окуп беришип, документалдык тасма көргөзүлдү.
14-февралда Афганстан Демократиялык Республикасынан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 35 жылдыгына карата «Эрдик эскирбейт» деген темада 8 А классы, класс жетекчиси Оконова А.Ж, ”Кайгылуу тагдырлар,төгүлгөн көз жаш-Ооган согушу”, 8Б классы, класс жетекчиси Умаралиева Н.А, “Афган жоокерлери”, 8 В классы, класс жетекчиси Асыкбекова П.А, “Афган согушу”, 8 Г классы, класс жетекчиси Жумагазиева В.Ж, “Афган согушу” деген темаларда ачык класстык саатарды өткөрүштү.
Мектептин чоң залында , Афганстан Демократиялык Республикасынан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 35 жылдыгына карата кечеге 8-11-класстардын окуучулары, класс жетекчилери катышты. Кеченин журушундо афган согушу тууралуу кеңири тасма көргөзүлдү. Кеченин журушундө окуучулардын аткаруусунда: мекен, достук, тынчтык, ата-эне, ынтымак жөнундөгу ырлар көркөм окулуп, чакан темадагы сценкалар көргөзүлүп, ыр-бий коштолду.
Манас уюму тарабынан 5-11-класстар арасында дубал газеталар чыгарылып, сурөт көргөзмөсу уюштурулду.
Афганстан Демократиялык Республикасынан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 35 жылдыгына карата иш-чаралар уюшкандыкта өткөрулуп жыйынтыкталды.
Комментарии