Жыл мугалими-2025
«Жылдын мыкты мугалими» республикалык конкурсуна мектеп ичинен математика сабагынын мугалими Мелис кызы Нурия, башталгыч класстарынын муталими Жайнакова Жылдыз Жунушовна, кыргыз тили жана адабияты сабагынын муталими Аттокуров Н.М тер катышышты.
Конкурстун максаттарына жана милдеттерине илайыктуу даярдык көрүштү.
17-апрелде башталгыч класстарынын муталими Жайнакова Жылдыз Жунушевна 2-Б классына адабий окуу сабагынан сабак көрсөттү. 18-апрелде математика сабагынан 5-Г классына Мелис кызы Нурия жана 11-А классына Аттокуров Ниязбек Медетбекович кыргыз тили сабагынан сабак көрсөтүштү. Жыйынтыгында Мелис кызы Нурия 2-орунга эз болду, ал эми Аттокуров Н.М жана Жайнакова Ж.Ж тар 3-орунга ээ болушту.
Бул мугалимдер окуучулар менен интерактивдүү сабактарды уюштуруп, заманбап технологияларды колдонуу аркылуу жогорку сабактарды өтүштү, чыгармачылык иштери жогорку баага татыктуу болду.
Мугалимдер сабак берүүдө болгон мыкты тажрыйбаларын көрсөтүп, кесипкөйлүгүн дагы бир жолу далилдешти. Бул сынак алар үчүн баалуу тажрыйба болуп, келечектеги ийгиликтерине өбөлгө түздү.
Мектеп жамааты бардык катышуучуларды куттуктап, ийгиликтердин уланышын каалайт!
Комментарии