Искусство жана технология жумалыгы
Мектебибизде технология жана искусство жумалыгы өттү. Жумалыктын максаты – окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, практикалык ишмердүүлүктү колдоо жана заманбап технология менен искусствого болгон кызыгуусун арттыруу болду.
Жумалыктын жүрүшүндө окуучулар өз колдорунан жасаган буюмдарды жана сүрөттөрдү көргөзмөгө коюшту, ачык сабактар өтүлдү, 5-6-класстын окуучуларына ата-энелеринин колдоосу менен заманбап тамак-аш түрлөрүнүн жарманкеси уюштурулду. Окуучулар өздөрү жасаган татымдарды жана тамактарды сатышып, каражат топтоо боюнча да демилге көтөрүлдү. Жарманке жандуу жана кызыктуу өтүп, бардык катышуучулардан жакшы пикирлерди алды.
Технология жана искусство жумалыгы жогорку деңгээлде уюштурулуп, окуучулардын чыгармачылык активдүүлүгү жана кызыгуусу байкалды. Бул иш-чара окуучулардын өзүн-өзү көрсөтүүсүнө жана жаңы практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк берди.
Комментарии