Акыркы коңгуроо


2024–2025-окуу жылынын бүтүрүү кечесин өткөрүү аземи салтанаттуу түрдө белгиленди.
Бул өзгөчө күнү мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөр үчүн маанилүү этап жыйынтыкталып, жаңы турмуштук жолдун башаты ачылды.
Салтанаттуу кече учурунда бүтүрүүчүлөргө грамоталар тапшырылып, мугалимдердин, ата-энелердин жана коноктордун каалоо-тилектери айтылды.
Мектеп директору Асекова Гулмира Асанкуловна бүтүрүүчүлөргө кайрылып, аларга билимге умтулуу, жоопкерчилик жана адамгерчилик принциптерин сактоо менен келечекте ийгиликтүү инсан болууну каалады.
Мектептин 10, 20 жыл мурда бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөрү келип, куттуктоо сөздөрүн айтып, салтанаттуу аземге катышып кетишти.
Бүтүрүүчүлөргө мектеп коллективи терең ыраазычылык билдирип, ар бирине жаркын келечек, ийгилик жана аруулукка толгон жаңы турмуш каалайт.
Билим — адамдын өмүрүндөгү эң баалуу байлык. Бул байлык силерди ар дайым бийиктиктерге жетелеп турсун!
Ак жол сага бүтүрүүчү!
Комментарии