23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү🇰🇬🇰🇬🇰🇬
23-23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү 🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Ооба,бүгүн тарыхта өзгөчө орду бар күн. Мындан так 30 жыл мурун Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.
Бул мааракеге карата , Бишкек шаарындагы №: 5 жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт” аттуу кече өткөрүлдү. Кечеде мектеп директору Асекова Гулмира Асанкуловна куттуктап, өз сөзүндө “Элдин өмүрү, түбөлүктүүлүгү – анын тилинде. Ар бир элдин тили –ошол нечен кылымдык кымбат мурасы” экендигин айтып өттү.
Кече өнөрлүү окуучулардын ыр-бийлери менен коштолуп, тил жөнүндө көркөм ырларды айтышып, кече шаңга бөлөндү. “Ырыс алды ынтымак ” жомогу коюлуп, балдардын актердук чеберчилиги мыкты экендиги көрүндү. Биздин таланттуу окуучулар «Манас» эпосунан үзүндү айтышып, комузда кол ойнотушту.
Эне тилди сүйүү ар бир атуулдун адамдык парзы. Эне тили – адамдын кан-жаны менен кошо бүткөн, эч нерсе менен алмаштыргыс ыйык дөөлөтү, сыймыгы.
Тил –элдин кенчи. Тил- улуттук мурас, улуттук байлык. Бул байлыкты колдон чыгарбай сактап калалы! Бул майрам ар бир инсандын жүрөгүнөн түнөк тапсын!
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү майрамыңыздар. менен!
Комментарии