1-сентябрь-Билим күнү
2025-жылдын 1-сентябрында биздин мектепте жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Билим күнү – бул мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер үчүн өзгөчө мааниге ээ майрам. Ал жаңы билимдерге жана ийгиликтерге карай жол ачат.
Иш-чарада мектеп жетекчилиги куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, окуучуларга жаңы окуу жылында жигердүү билим алууну, тартипти сактоону жана ийгиликтерге жетүүнү каалашты. Ал эми мектептин босогосун биринчи жолу аттаган 1-класстын окуучулары үчүн бул күн өзгөчө кубанычтуу болду. Аларга мугалимдер жана окуучулар ак жол каалап, жагымдуу маанай тартуулашты.

Ошондой эле бул күнү Дубай шаарында өткөн таэквондо боюнча эл аралык мелдешке катышкан окуучулар 1-2-орундарды алып, сыйлык менен кайтып келишкен окуучуларга ардак грамоталар тапшырылды.

Жаңы окуу жылы ар бир окуучунун билимге умтулуусун арттырып, мугалимдердин эмгегине жаңы дем берерине ишеним артабыз. Бардык мугалимдерге чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик, ал эми окуучуларга мыкты билим жана жогорку жетишкендиктерди каалайбыз.
Жаңы окуу жылыңыздар менен! 🎉📚









Комментарии